Жекшембиде өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча мурдагы премьер-министр Сильвио Берлускони кирген оңчул коалиция алдыда баратат. Бул коалицияга “Алга, Италия”, "Түндүктүн Лигасы" жана улутчул консерваторлордун “Италиянын ага-инилери” партиялары кирет. Алар 35,5% добушка ээ болгонун "Франс-Пресс" агенттиги кабарлады.
Экинчи орунда солчулдардын «Беш жылдыз» кыймылы 32,5% жана социал-демократтар 23% добуш менен үчүнчү орунга чыкты.
Парламентте 40% көп добушу бар партия же коалиция өкмөт курууга киришет.
Буга чейин үч алдыңкы партия коалициялык өкмөт куруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган. Берлусконинин оңчул коалициясы жеңишке жеткен күндө деле ал мурда финансылык кылмыш кылганы үчүн жоопко тартылгандыктан, өкмөттү жетектей албайт.
Италиянын мурдагы премьер-министри өкмөттү жетектөөгө Европарламенттин төрагасы Антонио Таянинин талапкерлигин колдогон.
Эгер Берлусконинин партиясы коалициядагы өнөктөшү "Түндүктүн Лигасынан" аз добуш алса, премьер-министрликке Маттео Сальвини ат салышат. Бул саясатчы мигранттарга каршы айткан сөздөрү жана Орусиянын президенти Путинди мактаганы менен таанымал.
Жекшембиде италиялыктар парламенттин төмөнкү палатасына шайлана турган 630 депутатка жана Сенаттын 315 мүчөсүнө добуш беришти.