Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:39

Француз министри Ирандын өзөктүк программасын талкуулайт


Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Лё Дриан ирандык кызматташы Жавад Зариф (оңдо) менен Тегеранда. 5-март, 2018-жыл.
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Лё Дриан ирандык кызматташы Жавад Зариф (оңдо) менен Тегеранда. 5-март, 2018-жыл.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Лё Дриан Ирандын өзөктүк программасы жөнүндө жана Сирия согушундагы Ирандын ролуна байланышкан талкуу күчөп турган маалда Тегеранга барды.

Француздардын тышкы иштер мекемесинин жетекчисинин Ирандагы иш сапары январь айына пландалган, бирок жыл башында бул өлкөдөгү массалык нааразылыктардан улам кийинкиге жылдырылган.

Эки күндүк сапардын алкагында Жан-Ив Лё Дриан Ирандын президенти Хасан Роухани жана тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен жолугуп, “эки тараптуу, аймактык жана эл аралык маанидеги маселелерди” талкуулайт.

2015-жылы Иран дүйнөлүк алты держава менен жетишкен өзөктүк келишимдин шарттарын Тегеран кандай аткарып жатканын да сүйлөшөт. Былтыр АКШнын президенти Доналд Трамп "Тегеран келишимдин шарттарын аткарып жатат" деп расмий бышыктоодон баш тарткан. Вашингтон Ирандын өзөктүк келишими өзгөртүлүшү зарыл экенин, болбосо АКШ андан "чыгып кетээрин” эскерткен.

Франциянын тышкы иштер министри Тегеранга барганда ал “Доналд Трамптын эмиссары” эмес экенин айтканын "Франс-Пресс" агенттигине билдирди. Лё Дриан Ирандын жетекчилигине баллистикалык ракета программасына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, болбосо Тегеран жаңы санкцияларга кабыларын эскерткенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG