Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Төрт держава Иранды сынга алды


Иранда чыгарылганы кабарланган ракетанын калдыгы. Вашингтон, 13-декабрь, 2017-жыл.
Иранда чыгарылганы кабарланган ракетанын калдыгы. Вашингтон, 13-декабрь, 2017-жыл.

Дүйнөнүн төрт ири державасы Тегеранды "Йемендеги козголоңчуларга курал-жарак жеткирип жатат" деп сынга алып, муну токтотууга чакырды. АКШ, Британия, Германия жана Франция 27-февралда биргелешип тараткан билдирүүдө Ирандын бул аракеттери Коопсуздук кеңешинин резолюцияларына каршы келери жана аймактагы туруктуулукту бузары жазылган.

"Йемендеги хусит козголоңчуларына курал берүүгө тыюу салган Улуттар Уюмунун резолюциясын Иран бузуп жатат" деген маалыматтар январь айында жарык көргөн жараянда айтылган. Анда эркин эксперттер былтыр күздө Йемендеги козголоңчулар Эр-Риядды көздөй учурган ракетанын калдыктарын изилдеп чыккан соң өз бүтүмдөрүн чыгарышкан.

Эксперттер ракета жана башка курал-жабдыктар хуситтердин колуна эмбарго киргизилгенден кийин, 2015-жылы тийгенин белгилешкен жана Иран буга жол бербеш үчүн эч кандай аракет көрбөгөнүн айтышкан.

Былтыр декабрда АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли Вашингтон аймагындагы аскердик кампада өткөрүлгөн атайын маалымат жыйынында "Иран Йемендеги хусит козголоңчуларына берген" деп ракеталардын сыныктарын да көрсөткөн. Бул маалыматтарды Тегеран четке каккан.

Саудияны карай баллистикалдык ракета атылды деген учурду хуситтерге жан тарткан “ал-Мусира” телеканалы көргөзгөн. 5-ноябрь, 2017-жыл.
Саудияны карай баллистикалдык ракета атылды деген учурду хуситтерге жан тарткан “ал-Мусира” телеканалы көргөзгөн. 5-ноябрь, 2017-жыл.

Кошмо Штаттар, Франция, Британия жана Германия 27-февралда тараткан билдирүүдө Тегерандын Йемендеги козголоңчуларды курал менен камсыз кылып жатканы сынга алынып, "Иран муну дароо токтотушу керек" деген талап коюлду.

Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча ​2015-жылкы келишимге байланыштуу кабыл алынган БУУнун резолюциясына ылайык, Коопсуздук кеңеши жактырмайынча, Тегерандын башка тарапка курал беришине жана сатышына тыюу салынган.

Уюмдун дагы бир резолюциясы Йемендеги хусит козголоңчуларына да курал берүүгө тыюу салат.

Тегерандын соңку аракеттери кооптондуруп жатканын Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан да билдирди. Ал бул тууралуу Москвада орусиялык кызматташы Сергей Лавров менен жолуккан соң өткөн маалымат жыйынында айтты:

- Ракеталардын, тактап айтканда баллистикалык ракеталардын санын алганда, Ирандын дымагы абдан кооптондурат жана ал Улуттар Уюмунун резолюциясына каршы келет деп эсептейбиз.

Төрт ири державанын жалпы билдирүүсүндө "Тегеран мындан ары да козголоңчуларды курал менен камсыз кыла берсе, аймактагы абалдын туруктуулугу бузулуп, негизги оюнчулар ортосундагы чыңалуу күчөй турганы" белгиленген.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан. 27-февраль, 2018-жыл. Москва.
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан. 27-февраль, 2018-жыл. Москва.

Бул маселе бир күн мурда Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде да көтөрүлгөн. Кеңештин мүчөлөрү Йеменге киргизилген курал-жарак эмбаргосун улантуу боюнча резолюция долбоорун бир добуштан колдошту. Анткен менен "буга чейин Йеменге каршы киргизилген эмбаргону бузду" деп Иранды айыптаган резолюцияга Орусия вето коюп салды.

Улуттар Уюмундагы Орусиянын туруктуу элчиси Василий Небензя эксперттер тобунун жыйынтыктарын "талаштуу жана тандалма" деп атады.

- Биз бул резолюциянын көп жоболорун толук колдойбуз. Бирок биз такталбаган жыйынтыктар менен макул эмеспиз. Алар кайра текшерилип, санкциялар боюнча комитетте талкууланышы керек.

Йемендеги төрт жылга жакындап калган жарандык согушта Сауд Арабия баштаган коалиция эл аралык коомчулук тааныган өкмөттү колдоп, хусит козголоңчуларына абадан сокку уруп келет.

"Иран колдойт" деген хусит согушкерлери Йемендин борбору Сана шаарын 2014-жылдан бери ээлеп турушат жана учурда өлкөнүн басымдуу бөлүгүн да көзөмөлдөшөт.

Эл аралык коомчулук тааныган өкмөттүн бийлигин калыбына келтирүү боюнча өнөктүк азырынча натыйжа бере элек. Бирок өлкө гуманитардык кризиске кабылып, кагылыштан кеминде 10 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG