Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Иран-Саудия кайым айтышуусу күчөдү


Саудиянын мураскер ханзаадасы Мухаммад Бин Салман (солдо) жана Ирандын президенти Хасан Роухани
Саудиянын мураскер ханзаадасы Мухаммад Бин Салман (солдо) жана Ирандын президенти Хасан Роухани

Иран чөлкөмдөгү атаандашы Сауд Арабиянын коркутуулары суу кечпейт деп билдирди. Ай башында Саудиянын баш калаасына Йеменден ракета атылып, ал боюнча араб дүйнөсү Иранды күнөөлөгөн. Расмий Рияд Тегерандын кадамдарына жооп кайтарылат деп ишара кылган эле.

Сауд Арабиянын бир канча күндөн берки айыптоолоруна Иран президенти Хасан Роухани өкмөттүн 8-ноябрдагы жыйынында жооп кайтарды. Ал Саудиянын расмий Тегеранга каршы коркутууларынан майнап чыкпайт деди. Роухани расмий Риядга кайрылып, өз өлкөсүнүн кудуретин эскертти:

- Ислам республикабыздын күчүн жана ордун билесиңер. Силерден кыйла күчтүүлөр Иран элине каршы эч нерсе кыла алышкан эмес. АКШ жана анын өнөктөштөрү бүткүл күчүн колдонуп деле кандайдыр бир жыйынтыкка жете алышкан жок.

Иран лидеринин бул билдирүүсү эки атаандаш өлкөнүн ортосунда чыңалуу күчөп турган учурда жасалды. Калкынын басымдуу бөлүгүн шииттер түзгөн Иран менен сунниттерден турган Саудия Сирия жана Йемен сыяктуу аймактык жаңжалдарда карама-каршы тарапта турушат.

Йемендеги бир канча жылга созулган кармашта Саудия өкмөттүк күчтөрдү колдосо, аларга каршы чыккан хусит козголоңчулары Иранга ыктап турушат.

Риядды көздөй учурулган ракетаны Йемендеги хуситтерге ыктаган "Ал-Масира" телеканалы жарыялаган, 5-ноябрь.
Риядды көздөй учурулган ракетаны Йемендеги хуситтерге ыктаган "Ал-Масира" телеканалы жарыялаган, 5-ноябрь.

Сауд бийликтери 4-ноябрда Йеменден Эр-Рияддагы эл аралык аэропортту көздөй атылган баллистикалык ракетаны атып түшүрүшкөнүн билдиришкен. Саудиянын мураскор ханзаадасы Мухаммад Бин Салман жана бул өлкө башында турган араб өлкөлөрүнүн аскердик коалициясы Тегеранды хусит козголоңчуларына ракета берип жатат деп айыпташкан. Алар муну “Иран режиминин тикелей аскерий агрессиясы” катары баалап, жооп кайтарууга укуктуу экенин билдиришкен.

Саудия баштаган коалициянын расмий өкүлү Турки ал-Малики Рияддагы он күн мурдагы жыйында да Иранды эл аралык мыйзамдарды бузду деп айыптаган:

- Жыйынга катышкан өлкөлөр Ирандын хусит жоочуларды курал жана баллистикалык ракета менен жабдыганын кескин түрдө айыптайт. Ирандын кадамы Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясына каршы келет. Алар чөлкөмдөгү коопсуздукка шек келтирген кадамдары үчүн жооптуу болушу керек.

Кошмо Штаттардын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли да Иран Йемендеги хусит согушкерлерин ракета менен камсыздоо аркылуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин кеминде эки санкциясын бузганын айткан.

Иран болсо Сириядагы куралдуу топторго жана Йемендеги хусит козголоңчуларына байланышы болгонуна карабай, чөлкөмдө тынчтыкты жана туруктуулукту гана кааларын айтып жатат.

Президент Роухани Саудия Иранды душман көрүү жана АКШ менен Израилди эш тутуу менен "стратегиялык ката" кетирип жатканын айтты.

Ал Тегеран хусит козголоңчуларын ракета менен жабдып жатат деген маалыматтарды четке кагып, Риядга атылган баллистикалык ракета Саудиянын Йемендеги бомбалоолоруна жооп болду деди:

- Йемен эли өз өлкөсүндөгү бомбалоолорго кандай мамиле кылышы керек? Алар курал колдонбошу керекпи? Йемен эли оң жооп кайтараарын түшүнүү үчүн бомбалоону токтоткула.

Саад Харири өмүрүнө коркунуч келгени үчүн Ливандын өкмөт башчылык кызматынан кетип жатканын айткан.
Саад Харири өмүрүнө коркунуч келгени үчүн Ливандын өкмөт башчылык кызматынан кетип жатканын айткан.

Иран менен Сауд Арабиянын карама-каршылыгына дагы бир өлкө мурдагыдан терең сүңгүп кирип жатат. Ливандын 4-ноябрда кызматтан чегинген премьер-министри Саад Харири Иран менен ага ыктаган "Хезболла" кыймылын өлкөдөгү туруктуулукту бузуп, араб дүйнөсүнө нааразылык толкунун жайылтып жатат деп айыптады. Иран лидери Роухани болсо Саудия Ливан премьерин кызматтан чегинүүгө аргасыз кылды деп билдирди.

Жайдын башында Саудия баштаган кеминде беш араб өлкөсү Катар менен алакасын үзүп, расмий Дохага бир катар талаптарды койгон. Алардын арасында Иран менен мамилени токтотуу талабы бар эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG