Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

Стамбул шаарында кыргыздар калпак күнүн белгилешти


Стамбулдагы Ак калпак күнү.
Стамбулдагы Ак калпак күнү.

Түркиянын Стамбул шаарында жашап жатышкан кыргызстандык студенттер, мигранттар жана ишкерлер шаардын тарыхый аймагы Таксимде калпак кийип жөө жүрүш жасашты. Чогулган жоон топ тарыхый Истиклал көчөсү менен жөө басып баратып, жергиликтүү тургундарга жана шаардын туристтерине кыргыз калпагы тууралуу түшүндүрмөлөрдү беришти.

Мындан тышкары алар жергиликтүү мэриянын өкүлдөрүнө калпак белек кылышты.

Түркиянын миграция департаментинин маалыматы боюнча өлкөдө 19 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алардын үч миңге жакыны студенттер. (ElB)

XS
SM
MD
LG