Линктер

ишемби, 26-май, 2018 Бишкек убактысы 16:02

4-мартта Лос-Анжелесте Америка киноакадемиясынын сыйлыгы тапшырылды. Түштүк Кореяда өткөн кышкы Олимпиадага өз туусу менен чыга албай калган орус спортчулары быйылкы "Оскардын" да башкы темасына айланды. Орусиянын спортундагы кызытма колдонуу жөнүндө "Икар" деп аталган документалдык тасма киноакадемиянын сыйлыгына татыды.

Тасманын режиссеру Брайан Фогель: ​"Биз бул жакта сүйүнүп, сыйлык алып турган кезде, тигил жакта өмүрүнө кооптонгон тирүү адам бар, алданган таза спортчулар бар жана өз күнөөсүн мойнуна албай, чындыкты айткан кишини куугунтуктаган орус өкмөтү бар. Бул сыйлыкты алып, ушулардын баарын айтпай койсо болбойт", - деди сыйлыкты алып жатып.

Фогелдин бул тасмасы Москвадагы анти-допинг лабораториясынын мурунку башчысы, учурда АКШда жашаган Григорий Родченковдун маалыматына негизделген.

Жылдын эң мыкты көркөм тасмасы деп америкалыктар тарткан “Суу калыбы”, мыкты чет элдик көркөм фильм деп Чилиде тартылган “Фантастикалуу аял” таанылды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG