Линктер

жума, 25-май, 2018 Бишкек убактысы 19:20

Түркия: террордук топтун мүчөсү деп шектелген төрт киши кармалды


Түркиянын коопсуздук күчтөрү Анкарадагы АКШнын элчилигинин сыртында турушат. 5.05. 2018

Түрк полициясы “Ислам мамлекети” террордук тобуна мүчө деп шектелген төрт кишини Анкарадагы АКШ элчилигине ыктымал чабуулду иликтөөнүн алкагында кармады. Бул тууралуу Түркиянын өкмөттүк медиасы 5-мартта кабарлады.

Анкарадагы АКШнын элчилиги дүйшөмбүдө коопсуздук чараларынан улам ачылган жок. Элчиликтин имаратынын сырты катуу көзөмөлдөнүп, полиция көчөдөн өтүп бараткан кишилерди текшерип жатты.

“Анадолу” жаңылыктар агенттиги полиция ирактык төрт кишини кармаганын билдирди. Алардын экөө Самсундагы порт менен Анкараны туташтырган жолдогу өткөрмө бекеттен, калган экөө Самсунда кармалган.

Түркиянын баш калаасында 2015-16-жылдары болгон кандуу чабуулдарда жүздөгөн киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG