Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:30

Чыгыш Гутага гуманитардык жардам кирди


Гуманитардык жардам алып келаткан кербен Чыгыш Гутада, 5.03.2018
Гуманитардык жардам алып келаткан кербен Чыгыш Гутада, 5.03.2018

Гуманитардык жардам алып келаткан кербен 5-мартта козголоңчулардын колундагы Чыгыш Гута аймагына кирди. Эки аптадан бери президент Башар Асаддын армиясы бул жерге чабуул коюп жатат. Аба соккуларынан 700дөн ашуун карапайым адамдын өмүрү кыйылды.

Сирия армиясы камоодо калган 27 миңдей кишиге тамак-аш жүктөгөн кербенди анклавга киргизди. Гуманитардык миссиянын жетекчилигинин билдирүүсүнө караганда, сириялык аскерлер жарадар болгондорго жана оорулууларга делген дары-дармекти түшүртпөй коюшту. Чыгыш Гутада 400 миңге чукул киши жашайт.

Британдардын The Guardian басылмасы дары-дармектин жоктугунан адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбой жатканын жазды.

46 машинеден турган гуманитардык кербенди Эл аралык Кызыл чырым, Сириянын Кызыл жарым ай жана Улуттар Уюму жиберген.

XS
SM
MD
LG