Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:58

Чыгыш Гутанын туткунга айланган тургундары


Абу Мохаммад Алая үйүнүн урандыларынын арасында турат. Чыгыш Гутадагы Доума шаары. 2-март, 2018-жыл.
Абу Мохаммад Алая үйүнүн урандыларынын арасында турат. Чыгыш Гутадагы Доума шаары. 2-март, 2018-жыл.

Сириянын президенти Башар Асад Чыгыш Гутадагы аскерий операциялар уланарын билдирди. Ал арада өкмөттүк күчтөр Гутанын чейрек бөлүгүн ээлегени маалым болду.

Абу Мохаммед Алая кыйраган үйлөрдүн арасынан уулун жана бир тууганын издеп жүрдү.

"Мохаммед! Рамез!" деп кыйкырган бул кишинин Доума шаарчасындагы үйү Сириянын өкмөттүк күчтөрү абадан урган соккунун айынан талкаланган.

Элүү жаштагы Алая уранды арасынан жок дегенде уулунун сөөгүн таап, акыркы сапарга татыктуу узаткысы келет.

- Бомбалоодон кийин уулумдун досторунун баарын өлдү. Аларды акыркы сапарга узатып, өз колум менен көмдүм. Эми уулумдун да сөөгүн таап, алардын жанына койсом дейм. Мустафа, Хайтам, Ахмад жаныңар бейиштен орун алсын. Баары чогуу иштен чыгып алып, футбол ойноп, үйгө кайтышар эле, - деди боздоп ыйлаган Алая.

Баласынын сөөгүн издеген Абу Мохаммад Алая. Чыгыш Гутадагы Доума шаары. 22-февраль, 2018-жыл.
Баласынын сөөгүн издеген Абу Мохаммад Алая. Чыгыш Гутадагы Доума шаары. 22-февраль, 2018-жыл.

Бул соккулардан кийин Алаянын бир тууганы да үй-бүлөсү менен жоголуп, табылбай жатат.

Чыгыш Гутада учурда 390 миңден ашуун тургун курчоодо калды. 18-февралдан бери токтобой жаткан өкмөттүк күчтөрдүн жана алардын өнөктөштөрүнүн соккуларынан бери дегенде алты жүздөй жайкын тургун каза тапты.

Эл аралык коомчулуктун, Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин эскертүүсүнө карабай Сириянын президенти Башар Асад Чыгыш Гутадагы аскерий операциялар уланарын билдирди. Анын мындай комментарийин 4-мартта мамлекеттик телеканал көрсөттү.

Абу Мохаммад Алая баласынын сүрөтүн көрсөтүп жатат. Чыгыш Гутадагы Доума шаары. 2-март, 2018-жыл.
Абу Мохаммад Алая баласынын сүрөтүн көрсөтүп жатат. Чыгыш Гутадагы Доума шаары. 2-март, 2018-жыл.

Андан мурда Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарына байкоо салган обсерватория өкмөттүк армия дыйканчылыкка жарактуу аймактарды өз көзөмөлүнө алганын билдирген. Бул кабарды 4-мартта мамлекеттик маалымат каражаттары да ырастап, өкмөттүк күчтөр Чыгыш Гутадагы айылдарды жана талааларды ээлегенин жазышты.

Сирия президенти Башар Асадга караштуу күчтөрдүн аймакка абадан урган соккуларынан жүздөгөн карапайым тургун үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.

​Москванын күнүнө беш сааттык ок атышпоо режимин киргизүү тууралуу чечими да, Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши кабыл алган 30 күндүк элдешүү тууралуу резолюция да натыйжа берген жок.

Анклавдагы курчоодо калган элге гуманитардык жардам жеткирүү кыйынчылык жаратууда.

Эл аралык коомчулук армияны жайкын тургундардын өлүмүнө айыптаганы менен, өкмөттүк күчтөр аймакты "террорчулар" деп атагандардан бошотууну көздөп жатканын айтышууда.

АКШ президенти Дональд Трамп жана Британиянын премьер-министри Тереза Мей 4-мартта телефон аркылуу сүйлөштү. Алар Гутадагы азап чеккен адамдар үчүн Сирия жана анын колдоочулары жоопкер экенин баса белгилешти. Бул тууралуу Мейдин кеңсеси билдирди.

Британиянын премьер-министри Тереза Мей жана АКШнын президенти Дональд Трамп Брюсселдеги НАТОнун саммитинде сүйлөшүп жатышат. 25-май, 2017-жыл.
Британиянын премьер-министри Тереза Мей жана АКШнын президенти Дональд Трамп Брюсселдеги НАТОнун саммитинде сүйлөшүп жатышат. 25-май, 2017-жыл.

4-мартта таратылган билдирүүдө эки лидер тең "Орусия жана Сирия режимине таасир эте ала турган тараптар эми зомбулук кампаниясын токтотуп, жай тургундарды коргоого алышы керек" деген позицияны колдошкону айтылат.

Ал ортодо Франциянын президенти Эммануэл Макрон Ирандын лидери Хасан Роуханини Сирия өкмөтүнүн чабуулун токтотуу үчүн басым жасоого чакырды.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Ирандын президенти Хасан Роухани. Иллюстрациялык сүрөт.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Ирандын президенти Хасан Роухани. Иллюстрациялык сүрөт.

Макрон Роухани менен Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриандын Тегеранга сапарын утурлай телефондон сүйлөштү.

Орусия менен Иран Сириядагы жети жылга аяк баскан согушта өлкө президенти Башар Асаддын өкмөтүнө колдоо көрсөтүп келет. Москва 2015-жылы аба соккуларды баштап, айрым аймактарда аскерий күчтөрүн активдештирүү менен Асаддын армиясына чоң жардам берип келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG