Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Чыгыш Гутаны бомбалоо токтогон жок


Бомбалоодон жабыркагандарга жардам берүү учуру. Чыгыш Гутанын Дума шаарчасы. 22-февраль, 2018-жыл.
Бомбалоодон жабыркагандарга жардам берүү учуру. Чыгыш Гутанын Дума шаарчасы. 22-февраль, 2018-жыл.

АКШ Сириядагы соңку кан төгүүлөр үчүн “өзгөчө жооптуу” деп Орусияны айыптады. Чыгыш Гута аймагынын акыркы алты күндөн бери бомбаланышынан 400дөн ашуун киши кырылганы кабарланууда. БУУнун Коопсуздук кеңешинде бүгүн Батыш өлкөлөрү даярдаган резолюция добушка коюлганы турат, бирок Орусия ага вето коерун ишарат кылды.

Сириянын Чыгыш Гута районундагы кырдаал БУУнун Коопсуздук кеңешинде 22-февралда да талкууланды. БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш бейшемби күндөгү жыйында сүйлөгөн сөзүндө буларды айтты:

Антонио Гутерреш.
Антонио Гутерреш.

- Мен Чыгыш Гутанын жайкын калкы үрөй учурган азапка кабылганына терең кайгырып турам. 400 миң киши тирүүлөй тозокто жашап жатат. Чыгыш Гутадагы согуштук аракеттерге аралашкандардын баарына муну тезинен токтотуп, муктаждардын баарына гуманитардык жардам жетишине шарт түзүүгө чакырам. \

Борбор шаар Дамаскка канатташ жайгашкан Чыгыш Гутага бул ирет аба соккулары 18-февралдын кечинен бери жасалууда. Андан бери, "Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы" уюмунун эсебинде, бомба чабуулдарынан кеминде 426 кишинин өмүрү кыйылды, анын ичинде кеминде 98и балдар. "Cирия обсерваториясы" бомбалар жума күнү да ташталганын кабарлады.

Бомбалоодон кийинки көрүнүш. Чыгыш Гута, 21-февраль, 2018-жыл.
Бомбалоодон кийинки көрүнүш. Чыгыш Гута, 21-февраль, 2018-жыл.

Күбөлөрдүн жана кайрымдуулук уюмдарынын өкүлдөрүнүн айтымында, аба соккуларында көп кабаттуу үйлөр, ооруканалар, мечиттер, базарлар бутага алынып жататат. Ондон ашуун оорукана жарадарларга жардам берүүгө дээрлик жарабай калды. БУУнун өкүлдөрү мурдараак аймакка баррель (курамында ар кандай жардыруучу заты бар) бомбалары ташталып жатканын маалымдашкан.

АКШ соңку кан төгүүлөр үчүн Сириянын президенти Башар Асаддын режими менен катар аны колдогон Орусияны да айыптоодо.

Хизер Нойерт.
Хизер Нойерт.

- Эскертип коёлу, буга Орусия өзгөчө жооптуу. Орусия Сирияны колдобогондо имараттар кыйрап, кишилер өлмөк эмес. Бул ошондой эле Астана жараяны оңунан чыкпаганын көргөзүүдө, - деди 22-февралда Вашингтондон АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Хизер Нойерт.

Сирия боюнча Орусия менен кошо Иран жана Түркия демөөрчүлүк кылган Астана сүйлөшүүлөрүнүн алкагында Чыгыш Гута да “деэскалациялык зоналардын” бири катары аныкталып, ал жерде ок атышуу токтошу керек болчу.

Сирия өкмөтүнө Орусия жана Иран басым жасашы керек деген эл аралык чакырыктарга 23-февралда Түркия да кошулду. "Орусия жана Иран режимди токтотушу керек",- деди түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглы.

Анын айтымында, Чыгыш Гутанын бомбалануусу жана өкмөттүк күчтөрдүн Идлиб провинциясында козголоңчулардын турумдарына чабуул коюшу Түркия, Иран, Орусия дипломаттары Астанада сүйлөшкөн макулдашууларга "каршы" келет.

22-февралда 200дөй адам Орусиянын Стамбулдагы консулдугунун алдына барып, кан төгүүнүн токтотулушун талап кылышкан.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини 23-февралдагы билдирүүсүндө Чыгыш Гутанын бомбаланып жатышын "кыргын" деп атап, ал токтолуусу керектигин белгиледи.

АКШ жана Батыш дипломаттары БУУнун Коопсуздук кеңешинде Чыгыш Гутада ок атышууну отуз күнгө токтотууну талап кылган резолюцияны өткөрүүгө аракет кылууда. Бирок БУУдагы орус элчиси Василий Небензя резолюция жума күнү добушка коюлганда Москва ага вето коерун ишара кылды:

Василий Небензя.
Василий Небензя.

- Эгер от күйгөн жерлердеги кыянатчылык резолюциялар менен токтосо биз эбак башка дүйнөдө жашамакпыз. Турукташууга жетиш үчүн жаңжалдашкан тараптар менен узак иш жүргүзүү зарыл. Алар сүйлөшүү столуна отуруп, ок атышууну токтотуунун шарттарын иштеп чыгышы керек, башка жол жок.

Орус элчиси ошондой эле Батыш өлкөлөрүн "туура эмес маалымат" жайылтып жатат, Чыгыш Гутадагы “ыңгайсыз чындыкка” - ал жерде “ал-Каидага" байланышы бар топтун бир нече миң согушкери жүргөнүнө көңүл бургусу келбейт деп күнөөлөдү. Москва жана Дамаск бул аймакта согушкерлер гана бутага алынганын билдирүүдө.

Чыгыш Гутада жардам издегендер. Дума шаарчасы, 22-февраль, 2018-жыл.
Чыгыш Гутада жардам издегендер. Дума шаарчасы, 22-февраль, 2018-жыл.

Чыгыш Гута - Сириянын президент Башар Асадга каршы чыккан козголоңчулардын колунда турган, бирок 2013-жылдан бери өкмөттүн курчоосунда турган району.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG