Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 5-мартта "Сейтек" базарынан чыккан өрт үч сааттан кийин, 00:40та толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен болжол менен 1000 чарчы метр аянт күйгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматовдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча өрттүн себеби белгисиз:
- Өрттүн чыгышына эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Атайын лаборатория бар, ал азыр иштеп жатат. Алардын иликтөөсүнүн негизинде 6-мартта тыянак чыгарабыз.
Алгачкы маалымат боюнча өрттөн жараат алгандар жок.
Быйыл 30-январда ушул эле соода түйүнүндө өрт чыгып, 108 күркө толугу менен өрттөнүп кеткен. Анын жанындагы "Берекет плюс" соода түйүнүндөгү 10 контейнер да кошо өрттөнгөн. (ZKo)