Казакстандын энергетика боюнча вице-министри Гани Садибеков Щучинск-Бурабай курорттук аймагындагы көлдү тазалаш үчүн мамлекет казынасынан бөлүнгөн бир миллиардга жакын теңгени кымырып алган деп шек саналууда.
Астана сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, аткаминерди эки айга камоо тууралуу чечим чыкты.
Бул ишке байланыштуу “Аймак” жалданма уюмунун жетекчиси Д.Дуанбек да кармалып, ишкананын эки өкүлү - Серикбай Жумалинов менен Бекзат Кадирберлин эки айга камалды.
Өткөн аптада Энергетика министрлигинин калдыктарды башкаруу департаментинин башчысы Жан Нурбеков кармалган.