Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:41

Оштогу "Достук" чек ара бекетинде 14 кабина иштеп жатат


"Достук" бекетиндеги тыгылыш. 2-март, 2018-жыл.
"Достук" бекетиндеги тыгылыш. 2-март, 2018-жыл.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 4-марттан тартып кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекетинде ары-бери өткөн жарандарды тейлөөчү кошумча төрт кабина иштей баштады.

Февраль айында чек арадан өткөндөрдүн көбөйгөнүнө байланыштуу жарандар 5-6 сааттап кезекте турууга мажбур болуп жатышкан.

3-март күнү вице-премьер-министр Дайырбек Кенекеев ушул чек ара бекетине барган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы 2005-жылы март жана Анжиян окуяларынан кийин жабылып, каттоо кыйындаган. 2010-жылкы июнь коогасынан кийин чек арадан өтүш үчүн телеграмма, чакыруу сыяктуу кошумча документтер талап кылына баштаган. 2017-жылдын сентябрь айында кыргыз-өзбек “Достук” чек ара бекетинде эки тарапка өтүүнүн жол-жобосу жеңилдеген. (MdN)

XS
SM
MD
LG