Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Баңгизат менен кармалганы айтылган палестиналык студент айыпка жыгылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык соту 5-мартта "баңгизат сактады" деп айыпталган палестиналык жаран Абдумаяалех​ Фадиге 25 миң сом айыппул салды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Фадинин адвокаты Камил Рузиев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик айыптоочу айыпталуучунун мурда соттолбогонун эске алып, 50 миң сом айыпка жыгууну соттон суранган. Адвокат жана укук коргоочулар анын студент экенин жүйө келтирип, 20 миң сом айыппул салууну өтүнгөн.

Палестиналык жаранга "төрт грамм нашааны мыйзамсыз сактаган" деген айып тагылып, Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ал өзүнө коюлган айыпты четке кагып, баңгизат алып жүрбөгөнүн, милиция кызматкерлери жалаа жаап, кыйнаганын айтып жатат. Ысык-Көл облустук милициясы бул билдирүүнү четке кагууда.

Абдумаяалех​ Фади Бишкекте Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик архитектура, курулуш жана транспорт университетинин 4-курсунда окуйт. 2017-жылдын 19-сентябрында Ак-Суу районунда Сауд Арабиясынан келген туристтер менен чогуу кармалган. Милиция алар түшкөн машинени текшерүү учурунда Фадинин жанынан "төрт грамм гашиш табылды" деп жарыялаган. (AsM/NT)

XS
SM
MD
LG