Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Түркияда өлтүрүлгөн келиндин сөөгү Кыргызстанга жеткирилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркияда кайнисинин колунан ажал тапкан Екатерина Четиндин сөөгү Кыргызстанга 7-мартта келгени жатат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Жүк-200дү" жибериш үчүн маркумдун жакындары менен документ иштери такталганын билдирди.

Быйыл 27-февралда Анталиянын Манавгат аймагында 34 жаштагы Четинди өз үйүндө кайниси муунтуп өлтүрүп, андан кийин полиция чакырганы кабарланган.

Анталия шаардык прокуратурасы окуя боюнча кылмыш ишин козгогон. Маркумдун теги Кыргызстандан экени ачыкка чыккан. Иштин материалдарына караганда, келиндин күйөөсү менен ажырашуу боюнча соту кандуу окуядан кийин бир күн өткөн соң болмок.

Екатерина Четиндин артында үч баласы калды.

XS
SM
MD
LG