Линктер

шаршемби, 22-август, 2018 Бишкек убактысы 02:34

"Акыркы коңгуроодо" акча чогултууга жана белек алууга тыюу салынды


Бишкектеги мектептердин бириндеги акыркы коңгуроо. "Азаттыктын" архиви.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлоруна "акыркы коңгуроодо" акча чогултууга жана белек алууга тыюу салды. Тиешелүү буйрукка билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кол койгонун мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, быйыл мектептерде акыркы коңгуроо 25-майда саат 9.00дө болот. Салтанат учурунда окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жүктөлдү.

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө күнү-түнү күзөт уюштуруу, иш-чаралар учурунда фейерверк жана башка түзүлүштөрдүн колдонулбашын камсыз кылуу, ата-энелер менен чогулуштарды өткөрүү милдети тапшырылды.

2017-жылы Кыргызстанда 9-классты 90 миң, 11-классты 60 миңдей улан-кыз аяктаган. Андан мурунку жылдарда бүтүрүүчүлөр топтошуп алып катуу ылдамдыкта машине айдап, эреже бузган, жол кырсыгына кабылган учурлар катталган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG