Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

Жээнбеков: Фарид Ниязовдун ордуна татыктуулар бар


Cооронбай Жээнбеков.
Cооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 6-мартта маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушууда президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов боюнча комментарий берди. Жээнбеков "Фарид Ниязов - мыкты мамлекетчил, мамлекеттик башкаруудагы мыкты менеджер. Ал тууралуу эч ким эч качан жаман нерсе жазган эмес" деди:

- Ал менин шайлоо алдындагы штабымды жетектеди. Ал жакка президенттик аппараттын жетекчисинин кызматынан келди. Биз эгер мен шайлоодо жеңсем, ал кайра президенттик аппараттын жетекчисинин кызматына кайтаарын макулдашканбыз. Бир жума мурун ал кетээрин айтты. "Чарчады го" деп ойлоп, бир жума өргүү бергем. Фарид Абилезимовичтин чечимин сыйлайм. Бул анын укугу. "Кетем" деген кишини кармай албайм. Айланамда бул кызматка татыктуу кишилер бар.

Фарид Ниязовдун кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы өткөн аптада белгилүү болгон. Былтыр 1-декабрда президент Сооронбай Жээнбековго кеңешчи болуп дайындалган Ниязов 11-декабрда аппарат башчылыгына барган. Президенттик шайлоо учурунда ал Жээнбековдун республикалык штабын жетектеген.

Ал буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратын башкарып, андан кийин мамлекет башчынын коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеп келген. (NT)

XS
SM
MD
LG