Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Жээнбеков Орусиядагы шайлоодо Путиндин жеңүүсүн каалайт


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиядагы президенттик шайлоодо азыркы президент Владимир Путиндин жеңишин каалайт. Президент бул тууралуу 6-мартта маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жээнбеков "Путин Орусиянын экономикалык жана коргонуу мүмкүнчүлүктөрүндө ийгилик жаратууда" деди. Ал ошондой эле Орусия эл аралык аренада чоң кадыр-баркка ээ экенин айтты.

2010-жылдан бери кыргыз бийлиги Орусияны ишенимдүү өнөктөшү катары санап жүрөт. Владимир Путин 2000-2004-жылдары президент болуп шайланган. 2008-жылдан 2012-жылга чейин орус өкмөтүн жетектеп, 2012-жылы үчүнчү жолу президенттик такка отурган.

Орусияда 2018-жылдын 18-мартында президенттикке шайлоо өтөт. Ага сегиз талапкер ат салышып жатат. (TSh/AsK)

XS
SM
MD
LG