Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

Тегеранда Луврдан барган көргөзмө ачылды


Франциянын тышкы иштер министри Жан Ив Ле Дриан Ирандын президенти Хасан Роухани менен жолугушууда. 5-март, 2018-жыл.
Франциянын тышкы иштер министри Жан Ив Ле Дриан Ирандын президенти Хасан Роухани менен жолугушууда. 5-март, 2018-жыл.

Тегерандагы Улуттук музейге Париждин Лувр музейинде сакталган 50дөй экспонат жеткирилди. Иран тарыхында алгачкы жолу Батыш музейи чоң көргөзмө уюштурууда. Ислам Жумурияты менен алакаларды оң жолго салыш үчүн Франция маданий дипломатияны да ортого салууда. Экспозицияны Франциянын тышкы иштер министри Жан Ив Ле Дриан ачты.

Быйыл Ирандын Улуттук музейи 80 жылдыгын белгилеп жатат. Аны франциялык Андре Годар түзгөн. Парижден алынып келген баалуу экспонаттардын арасында байыркы египеттик сфинкстер, Рим императору Марк Аурелийдин бюсту, Рембрандт менен Делакруанын картиналары бар.

2016-жылы Ирандын президенти Хаман Роухани Францияга барганда маданият тармагындагы кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлган.

Эки күндүк иш сапарынын алкагында фарнцуз тышкы иштер министри Лё Дриан Ирандын президенти Хасан Роухани жана тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен жолугуп, “эки тараптуу, аймактык жана эл аралык маанидеги маселелерди” талкуулады.

XS
SM
MD
LG