Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Бишкектеги коопсуздук маселеси талкууланат


Автокырсыктар да шаардыктарды кооптондурган маселе.
Автокырсыктар да шаардыктарды кооптондурган маселе.

Талкууну "Реформа жана натыйжа үчүн" деп аталган жарандык бирикме уюштурууда. Бирикменин өкүлү Айсулуу Алымбек кызынын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, тегерек үстөлдө Бишкек шаарынын жашоочулары тарабынан кооптуу деп эсептелген маселелер, аларды чечүүнүн жолдору жөнүндө сөз болот:

- Биздин биримдик былтыр шаардыктардын арасында сурамжылоо жүргүзүп, шаардагы кооптуу маселелерди аныктаган. Тургундардын көпчүлүгү уурулуктун күч алышына, кылмыштуулуктун жайылышына, тескерип жолго түшщкөн өспүрүм балдар көбөйүп жатканына, абанын булганышына, шаар тиешелүү деңгээлде жарыктандырылбаганына нааразы болуп, бул маселелерди чечүүнү талап кылышкан.

Айсулуу Алымбек кызынын маалыматы боюнча, мындай маселелерди бийлик менен жарандык коомдун биргелешип чечүүсүнө арналган иштер илгерилей баштады. Учурда баш калаанын Свердлов районунда бийлик, күч кызматтары жарандык коом менен чогуу коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун үстүндө иштеп жатышат.

Бишкек шаарында төрт административдик район бар. Шаарды курчай элүүгө жакын жаңы конуш жайгашкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG