Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Путин: Орусияда чет элдик чалгын кызматтарынын 400 тыңчысы аныкталды


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин 6-февралда Федералдык коосуздук кызматынын (ФСБ) жылдык коллегиясында сөз сүйлөп, мекемеден чет өлкөлүк чалгын кызматтарынын саясат, коргонуу жана экономика багытындагы маалымат алуу аракеттерин жокко чыгарууну талап кылды.

Мамлекет башчы акыркы жылдары чет өлкөлүк тыңчылардын аракети күчөп жатканын белгиледи.

Президенттин айтымында, учурда Орусия агенттиктин жана техникалык чалгындын заманбап ыкмаларын пайдаланууда.

Путин өткөн жылы эле Орусияда иштеп жүргөн чет элдик чалгын кызматтарынын 72 кадрдык кызматкери жана 397 тыңчысы аныкталганын белгиледи.

Президент өткөн аптада Федералдык жыйындагы сөзүндө Орусиянын жаңы куралы тууралуу маалыматтарды жашыруун кармаганы үчүн ФСБнын кызматкерлерин мактаган.

XS
SM
MD
LG