Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

ӨКМдин Чүйдөгү кызматкерлери да айлыкты көтөрүүнү талап кылышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айлык акыны көтөрүү талабын бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери да коюшту. Атын атагысы келбеген кызматкерлердин маалыматы боюнча, облустун бардык аймактарынан өкүлдөр министрликке келип, нааразылыгын билдиришти.

5-мартта эмгек акыны көтөрүүнү Бишкек шаарындагы өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери талап кылып, иш түйшүктүү экенине карабай, маянанын аздыгына, зыяндуулук жана сыр сактыш үчүн кошумча берилчү акыларга да ээ болбой жатканына нааразы болушкан. Кээ бирлери пенсияга байланыштуу кыйынчылыктарды айтышкан.

Бул кабарды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова да "Азаттыкка" ырастап, кызматкерлерди министр Кубатбек Боронов кабыл алып, маселелерин чогуу талкуулаганын билдирген. Анын айтымында, талап кылынган жагдайлардын мыйзамга шайкеш келген жагдайлары кызматкерлерге түшүндүрүлүп, жөндүү талаптарын иликтөө тапшырылды.

Министрликтен алынган маалыматка караганда, ӨКМдин кызматкерлери ээлеген кызматына жараша 8 миң сомдон жогору маяна алышат. Ага ар кайсы жүйөлөр менен дагы сумма кошулуп берилет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG