Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Иманалиев: жөлөкпул жөнүндө мыйзам долбоору чийки


Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Бүгүн Жогорку Кеңеште “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзам долбоору каралмак. Бирок айрым депутаттар "мыйзам чийки жана коомдук талкуудан, комитеттерден өткөн эмес" деп сындап чыгышты. Алардын бири Каныбек Иманалиев буларды айтты:

- Биз бузук мыйзам менен Кыргызстанды оңдой албайбыз. Азыр депутаттар Сулайманов, Акаев, Бокоев ташка тамга баскандай мыйзам бузулганын айтып беришти. Эң негизгиси - конституциялык комитетте каралып, парламентте, коомдук талкуудан өтүш керек.

Натыйжада мыйзам долбоору күн тартибине коюлган жок.

"Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга быйыл июлда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Документ 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирмек. Анда жаңы төрөлгөн бардык ымыркайларга 4 миң сомдон сүйүнчү, үч жашка чейинки балдарга ай сайын 700 сомдон берүү каралган. Ошондой эле үчтөн көп балалуу үй-бүлөлөргө алар 16 жашка толгонго чейин айына 500 сомдон жөлөкпул чегерүү камтылган.

Бул айда өкмөт “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамдын мөөнөтүн үч айга артка жылдырууну Жогорку Кеңешке сунуш кылган. Мыйзам колдоо тапса, жөлөкпулду жаңы мыйзамдын негизинде төлөө кечеңдейт. Ал эми сүйүнчү пул төлөнө бермекчи. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзамды талкуулоо менен экинчи окууда добуш берүүгө жөнөттү. (TSh)

XS
SM
MD
LG