Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:32

Таш-Көмүрдө эки жылдан соң шаардын мэри шайланды


Таш-Көмүр шаарынын мэриясы.
Таш-Көмүр шаарынын мэриясы.

Таш-Көмүр шаардык кеңеши мэрлик кызматка Рахматилла Асаналиевди шайлады. Депутаттардын сессиясы 7-мартта болгонун мэриянын өкүлдөрү “Азаттыкка” билдиришти.

Шаардын башчылыгына КСДП фракциясынан Бусурманкул Субаналиевдин, "Мекеним-Кыргызстандан" Рахматилла Асаналиевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн. 21 депутат Асаналиевди колдоду.

31 мандаттуу Таш-Көмүр шаардык кеңешинин 2016-жылдын ноябрь айында, 2017-жылдын май айында шайланган эки чакырылышынын депутаттары мэр шайлоодо бириге албай, эки жолу мөөнөтүнөн мурда таратылган. Бул аралыкта мэрдин милдетин аткаруучу болуп Өмүржан Бабатаев иштеди.

2018-жылдын январындагы шайлоодо шаардык кеңешке беш партия келген. Алар: “Мекеним Кыргызстан”, “Өнүгүү”, “Ата-Журт”, КСДП жана “Таш-Көмүр жаштары” партиялары. (RsK)

XS
SM
MD
LG