Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Наркология борборуна ай сайын 20 бала кайрылат


Колго түшкөн баңгизаттар. Архивдик сүрөт.
Колго түшкөн баңгизаттар. Архивдик сүрөт.

“Реформа жана жыйынтык үчүн” коомдук уюмунун отчетуна ылайык, Бишкектеги наркология борборуна ай сайын ар кандай химиялык заттарды жыттап ууланган жыйырмадай бала түшөт. Баяндамада алардын көпчүлүгү автоунаа техникасын оңдош үчүн колдонулган “КАРБдан” уулангандар экени айтылат.

Ал эми Ички иштер министрлиги Бишкектеги өспүрүмдөр арасында токсикомания жайылып жатканын билдирүүдө. Адистердин айтымында, токсикомания өспүрүмдөрдүн ден соолугуна зыян жана зомбулукту күчөтөт.

Былтыр "Кыргыз Республикасындагы Чыгыш-Батыш СПИД фонду" өлкө боюнча 57 мектепте окуучулар арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында өлкөдөгү 15-16 жаштагы окуучулардын басымдуу бөлүгү кара куурай тобундагы баңгизаттарды жана башка психотроптук каражаттарды колдоно тургандыгы аныкталган. Окуучулар арасында мындай иликтөө өлкөдө биринчи жолу жүргүзүлгөндүктөн, адистер тыюу салынган баңгизат колдонгон өспүрүмдөр көбөйгөнүн же азайганын билүү кыйын экенин белгилеп жатышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG