Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:35

Эл аралык юристтер бирикмеси Текебаевдин адвокаты боюнча билдирүү таратты


"Ата Мекен" партиясынын желеги.
"Ата Мекен" партиясынын желеги.

Эл аралык юристтер бирикмеси "Ата Мекен" партиясынын юристи, экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунованын жагдайына тынчсызданып, билдирүү таратты.

Уюмдун сайтына 7-мартта жайгаштырылган кайрылуу кыргыз бийлигине багытталган. Кайрылуу ээлери Токтокунованын мүлкү сатыкка коюлганына кабатыр болуп жатышканын билдирип, өз милдетин аткарган адвокатка карата сот чечими эрежеге жат экенин эске салышат.

Уюмдун тең төрагасы Ханс Корелл кыргыз өкмөтүн адвокаттарга өз мыйзамдуу ишмердигин аткарууга шарт түзүп берүүгө чакырган.

Таалайгүл Токтакунованын мүлкүн сатыкка коюу боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотко кайрылып жатканын 6-мартта "Ата Мекендин" юристтери кабарлашкан.

Партиянын юристтери Таалайкүл Токтакунова менен Канатбек Азиз былтыр мартта Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, "Дача СУ айылына кулаган учактагы жүк Алмазбек Атамбаевге тиешеси бар" деген маалымат таратышкан. Муну алар партия лидери Текебаевдин билдирүүсүнө таянып айтышкан. Башкы прокуратура мамлекет башчынын кадыр-баркын коргоп, аларды сотко берген. Райондук, андан кийин шаардык сот көзөмөл органдын доо арызын толук канааттандырып, алардан 10 миллион сом өндүрүп алуу тууралуу чечим чыгарган. Дача СУга кулап, 39 кишинин өмүрүн алган учак кырсыгы боюнча бул билдирүү далилдене элек. (SE)

XS
SM
MD
LG