Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 19:22

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкери Арстанбек Ибраевди убактылуу кармоочу жайга камады. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 306 ("Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу"), 189 ("Ачык соода жана аукцион өткөрүүнүн тартибин кыянаттык менен бузуу") беренелери менен айыпталууда.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кылмышка шектүү Ак-Талаа районунун Ак-Талчат айылында Нарын дайрасындагы көпүрөнү оңдош үчүн “Кербенжолкурулуш” ишканасы менен 45,8 млн. сомго мыйзамсыз келишим түзгөн. Жыйынтыгында эч кандай кепилдиги жок эле ишканага 35 млн. сом акча которгон. Мамлекеттен акча каражаты коротулганы менен ал көпүрө пайдаланууга бериле элек.

Транспорт министрлигинин кызматкерине карата кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. (TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG