Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:54

Думанын төрагасы: Журналист аялдар ыдыктан корксо иштебесин


Леонид Слуцкий.

Үч журналист аялга жыныстык жактан ыдык көрсөткөнү сөз болуп жаткан Леонид Слуцкийдин маселесин Орусиянын парламентинин төрагасы Вячеслав Володин шайлоо учурундагы кутум катары баалады. Ал эгер журналист аялдар Думада иштегенден корксо, башка жумуш табышы керек экенин белгиледи. Бул тууралуу ал Орусияда расмий майрам катары белгиленген Эл аралык аялдар күнүнүн алдында, журналист айымдар менен жолугушуу учурунда сөз кылды.

Депутат Леонид Слуцкий мүчө болгон ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский партиялашынын жүрүм-туруму тууралуу кептин чоо-жайын изилдей турганын жана анын тийишкени жакшы эмес экенин айтты.

Слуцкий журналист аялдарга тийишкен учурлар тууралуу Би-Би-Синин, "Дождь" жана RTVI телеканалдарынын аял кызматкерлери айтып чыгышкан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG