Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:14

Орусияда жок мамлекеттин паспортун саткандар кармалды


Орус рубли.

Санкт-Петербургдун полициясы жок эле мамлекеттин паспортун саткан топту кармады. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ирина Волк билдирди.

Жок өлкө Кариб бассейниндеги арал-мамлекет катары сүрөттөлүп, кармалгандардын бири өзүн ал жактын Орусиядагы консулу деп тааныштырган.

Кылмышка шектүү катары кармалган топто 4 киши иштеп, жасалма паспорттор жана айдоочулук күбөлүктөр документсиз мигранттарга 10-15 миң рублдан сатылган.

XS
SM
MD
LG