Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

Чымкентте мектеп окуучусу "опузалоого" шектелип, камакка алынды


Казакстандын Чымкент облусунда сот №83 мектептин 11-классынын окуучусу Нурбек Турсынханды Кылмыш кодексинин "опузалоо" беренеси боюнча айыптап, аны камакка алуу чечимин чыгарды.

Каратау райондук сотунун судьясы Ермахан Рахманбердинин "Азаттык" радиосунун кабарчысына билдиришинче, буга жергиликтүү тургун Майлыбай Рысбаевдин арызы себеп болгон.

Рысбаев 10-класста окуган уулун бүтүрүүчү класстын окуучусу Нурбек Турсынхан өткөн жылдын октябрь айынан бери коркутуп, акча талап кылып жүргөнүнө даттанган.

Турсынхан "Опузалоо" беренеси боюнча шектелүүдө. Сот чечими менен ал эки айга тергөө абагына киргизилди. Сот мындай чечимди Турсынхан эркиндикте жүрсө тергөөдөн качып, коомчулукка коркунуч туудурушу ыктымал деген негизде чыгарды, -деди Рахманберди.

XS
SM
MD
LG