Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Ысык-Көлдө бала бакчанын курулушу боюнча кылмыш иши козголду


Кыргызстандагы бала бакчалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы бала бакчалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл райондук прокуратурасы Чолпон-Ата шаарындагы бала бакчанын курулушуна байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Анда айтылгандай, долбоорго ылайык бакчанын имаратын салууга жалпы 31 млн. 416 миң сом жумшалган. Бул сумманын 21,5% курулушту баштоо, аны уюштуруу, башкаруу жана тейлөө үчүн бекитилген. Бирок Чолпон-Ата шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери эч кандай уруксат кагазы жок 25,9% акчаны коротуп салышкан.

Натыйжада мамлекетке 1 млн 382 миң сом зыян келтирилген.

Бул боюнча муниципалдык кызматкерлерге Кылмыш-жаза кодексинин 304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 306 ("Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу") айып тагылды. (ErN)

XS
SM
MD
LG