Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Аманкулов: “Кыргыз темир жолу” ишканасын текшеребиз


“Кыргыз темир жолу” ишканасына караштуу поезд
“Кыргыз темир жолу” ишканасына караштуу поезд

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы, депутат Марат Аманкулов “Азаттыкка” комментарий берип жатып, алардын комитети “Кыргыз темир жолу” ишканасындагы бардык мыйзам бузуулар боюнча иликтөө жүргүзөрүн билдирди:

- Бул маселе комитетте буга чейин да көтөрүлгөн. Бирок темир жолдогу айрым документтерди алуу маселе жараткан. Депутат Акаевден документтерди сурап жатабыз, баарын алгандан кийин биздин комитет “Кыргыз темир жолу” ишканасындагы мыйзам бузууларды дыкат иликтеп чыгат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутат Жанар Акаев “Кыргыз темир жолу” ишканасы Казакстандан 150 вагон сатып алыш үчүн Орус-кыргыз фондунан 8 млн. 380 миң доллар насыя алганы менен азыркыга чейин вагондорду алып келе электигин билдирген. Ал "вагондор январь айында келип бүтүшү керек болчу" деген.

Депутат ошондой эле "Кыргыз темир жолу" Өзбекстандын Кыргызстанга болгон 137 млн. сом карызын кечкенин сындап, ишкананын жетекчиси Алмазбек Ногойбаевдин кызы мекемеге тиешелүү жерге мейманкана куруп, иштетип жатканын айткан.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын директору Алмазбек Ногойбаев бул дооматтарды четке каккан. (UEz\ErN)

XS
SM
MD
LG