Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:14

ЭВФтин башчысы соода согушунун кесепети оор болоорун эскертти


Кристин Лагард.
Кристин Лагард.

Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) башчысы Кристин Лагарддын билдиргенине караганда, соода согушу глобалдык экономиканын өсүшү үчүн “коркунучтуу” кесепеттерге алып келет. Фонддун башчысы тараптардын бажы тарифтерин бири-бирине атаандашып көтөрүшүнөн эч ким утпай турганын да кошумчалады.

Анын мындай эскертүүсү АКШда президент Доналд Трамп соода согушуна байланышкан коркунучтарды эске албастан, анын өлкөсүнө импорттолуп жаткан болот менен алюминий үчүн тарифтерди көтөрүүгө убада берген убакта айтылды. Бул боюнча жарыя бүгүн болгону жатат.

АКШнын администрациясы болот импортунун бажы салыгын 25%, ал эми алюминийдикин 10% көтөрүүгө даярданып жатканын өткөн аптада билдирген эле.

Евробиримдик, Кытай жана башка өлкөлөр дароо эле буга жооп иретинде чара көрөөрүн жарыялашкан.

7-мартта Трамптын администрациясы болот жана алюминий импорту үчүн бажы тарифин көтөрүү улуттук коопсуздук үчүн зарыл экенин, бул чарадан АКШнын жакынкы өнөктөштөрү Канада менен Мексиканы чыгарышы мүмкүн экенин белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG