Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 15:54

Бишкектин Туңгуч кичирайонунун “Ала-Тоо” турак жай комплексиндеги үйдүн жетинчи кабатынан кулап кеткен 18-19 жаштагы кыз алган жараатынын оордугунан улам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат бөлүмү кабарлады.

Окуя кечээ кечинде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, бийик үйдөн кыз өзү боюн таштаган. Кыздын денеси жанчылып, органдары катуу жараат алгандыктан дарыгерлер аны сактап кала алган эмес.

Кыздын сөөгү учурда Бишкек шаардык өлүкканасына жеткирилди. Аты-жөнү аныктала элек.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кыздын өз жанын кыйышынын себептерин иликтеп жатат. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG