Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Ош-Отуз-Адыр каттамындагы айдоочулар аялдарды акысыз тейлеп жатат


Ош-Отуз-Адыр каттамындагы кичавтобустун жүргүнчүлөрү
Ош-Отуз-Адыр каттамындагы кичавтобустун жүргүнчүлөрү

Ош шаарынан Кара-Суунун Отуз-Адыр айылына каттаган айдоочулар 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата кыз-келиндерди акысыз ташып жатат.

Бул тууралуу "Ош автобекетинин" жетекчиси Айтибай Сабиров "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, аталган каттамды тейлеген "Аман транс" фирмасынын бүгүн 10 айдоочусу нөөмөткө чыккан. Ар бир айдоочу эртеден кечке эки жолудан барып келишет.

Ош шаарынын автобекетине күн сайын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан 44 багыттан 300дөй кичи автобус каттайт. (YI\ErN)

XS
SM
MD
LG