Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Самаргүл Адамкулова Кыргызстандын Кувейттеги элчиси болуп дайындалды


Самаргүл Адамкулова
Самаргүл Адамкулова

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Самаргүл Адамкулова Кыргызстандын Кувейттеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Адамкулованын талапкерлигин буга чейин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети колдогон.

Самаргүл Адамкулова буга чейин Кыргызстандын Индиядагы элчиси болуп эмгектенип келген. 49 жаштагы Адамкулова Ленинград мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү. Кесиби чыгыш таануучу, тарыхчы.

Кыргызстандын Кувейттеги мурдагы элчиси Жусупбек Шарипов буга чейин Кыргызстандын Украинадагы элчилигине дайындалган. (ErN)

XS
SM
MD
LG