Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

УКМК мамлекеттик бюджетти уурдаган коррупциялык схеманы таап чыкты


Атайын кызматтын 8-марттагы маалыматына ылайык, айрым ишкерлер Кытайдан импорттолгон товарларга кошумча нарк салыгын ашыкча төлөгөнү жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга жалган маалымат берип турушкан.

Бул товарлар чыныгы иш жүзүндө товар үчүн бажы жана салык төлөмдөрүн толук төлөгөн ири соода түйүндөрүнө таандык. Бирок коррупциялык схема боюнча, фискалдык жана көзөмөл органдарындагы айрым кызматкерлердин катышы менен товарлар тутумдашкан ишканалар тарабынан кошумча нарк салыгы өзүнчө төлөнгөн деп белгиленип, мамлекеттик бюджеттен төлөнүп жүргөн.

Бажы, салык кызматтарынын жана Экономика министрлигинин кызматкерлери катышкан схеманын жыйынтыгында акыркы эки жылда өлкө бюджетине 217 миллион сом зыян келтирилген.

УКМК Салык жана Бажы кызматында жүргүзгөн тинтүүлөрдүн жыйынтыгын жакын аралыкта жарыяламакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG