Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:50

Жол чарба департаментинин жетекчиси эки айга камалды


Арстанбек Ибраевди эки айга камоо чечимин Биринчи Май райондук соту чыгарганын УКМК 8-мартта кабарлады.

Арстанбек Ибраевге Кылмыш-жаза кодексинин 304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 306 ("Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу"), 189 ("Ачык соода жана аукцион өткөрүүнүн тартибин кыянаттык менен бузуу") беренелери боюнча айып тагылган. Сот чечимине ылайык, мурдагы жетекчи тергөө аяктаганча УКМКнын абагында кармалат.

УКМКнын маалыматына караганда, ал Ак-Талаа районунун Ак-Талчат айылында Нарын дайрасындагы көпүрөнү оңдоо үчүн “Кербен жол курулуш” ишканасы менен 45,8 млн. сомго мыйзамсыз келишим түзгөн. Жыйынтыгында эч кандай кепилдиги жок эле ишканага 35 млн. сомду которгон. Мамлекеттен акча коротулганы менен ал көпүрө пайдаланууга бериле элек.

Бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG