Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Кадамжайда мыйзамсыз курал сактаган тургун кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде мыйзамсыз курал сактап жүргөн жаран кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 9-мартта билдиргендей, ал Кадамжай районундагы Марказ айылынын 42 жаштагы тургуну.

Шектүү адам милиция өткөргөн "Каракчы" аттуу атайын рейддин алкагында колго түшкөн. Анын үйүнөн "PERFESTA MOD FBI 8000" үлгүсүндөгү травматикалык тапанча 9 мм калибриндеги 2 даана огу менен, ТОЗ-8 ок атуучу куралы жана анын 5,6 мм калибриндеги 86 даана огу табылган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси ("Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзмөктөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып кирүү") боюнча кылмыш иши козголду. (MdN)​

XS
SM
MD
LG