Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Мирзиёевдин Тажикстандагы мамлекеттик сапары башталды


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон Дүйшөмбү эл аралык аэропортунда. 9-март, 2018-жыл.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон Дүйшөмбү эл аралык аэропортунда. 9-март, 2018-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстандагы мамлекеттик иш сапары 9-мартта эртең менен башталды. Дүйшөмбүнүн эл аралык аэропортунда өзбек лидерин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон башында турган расмий адамдар тосуп алышты.

Эки күнгө созулган иш сапарынын алкагында тараптар 20дан ашуун документтерге кол коюшаарын өзбек президентинин администрациясы билдирди. Алардын арасында өзбек-тажик чек арасынын айрым бөлүктөрү тууралуу да келишим бар. Андан сырткары лидерлер аймактагы жана эл аралык маселелерди талкуулашат. Ошондой эле иш сапарынын алкагында эки коңшу мамлекеттин ишкерлери катышкан бизнес-форум өтөт.

Байкоочулар Шавкат Мирзиёевдин Дүйшөмбүдөгү иш сапарын "тарыхый" деп сыпаатташууда. Бул 2016-жылдын соңунда бийлик башына келген Мирзиёевдин Тажикстанга биринчи ирет барышы.

Мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун маалында эки өлкө ортосундагы алакалар начарлап кеткен.

Мирзиёевдин сапарын утурлай Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасындагы сегиз авто жана бир темир жол өткөрмө бекеттери кайрадан ачылып, иштей баштады. Алардын көбү 2012-жылы жабылган.

XS
SM
MD
LG