Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында кышкы Паралимпиада оюндары ачылды.
Бул оюндарда алты спорттун түрү боюнча 80 комплект медал ойнотулат. 18-мартка чейин улана турган мелдештерде жалпысынан 48 мамлекеттен 567 спортчу катышат. Алардын арасында Орусиянын атлеттери да бар. Бул ирет аларга бейтарап туунун алдында катышууга уруксат берилди. 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн жайкы оюндарга орус курама командасы кызытма чуусунан улам толугу менен катышпай калган.
Февраль айында өткөн кышкы олимп оюндарынан айырмаланып, Түштүк жана Түндүк Кореянын командалары бир туунун алдында чыгышкан жок. Паралимпиада оюндарынын ачылышында эки өлкөнүн спортчулары өз алдынча өтүштү.
Оюндар 10-мартта тоо лыжасы боюнча мелдештерден башталат.