Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:12

Киев: Туткундарды бошотуу борборунун башчысы камалды


Туткундарды бошотуу борборунун башчысы Владимир Рубан. 9-март, 2018-жыл.
Туткундарды бошотуу борборунун башчысы Владимир Рубан. 9-март, 2018-жыл.

Киев соту 9-мартта "Офицерлер корпусу" деп аталган туткундарды бошотуу борборунун башчысы Владимир Рубанды эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Судья Евгений Мартынов "Рубан жикчилдердин лидери Захарченко менен жакшы алакада болуп, Украина президенти Петро Порошенкону, ички иштер министри Арсен Аваковду өлтүрүүнү көздөгөн деп шектелүүдө" деп билдирди.

Документке ылайык, Рубан ошондой эле Жогорку Радага, президенттин администрациясына жана өкмөттүк имараттарга чабуул уюштурууну көздөгөн деп шектелип жатат. Рубан өзү мындай дооматтардын бардыгын четке кагып, бул атайын кызматтардын уюштурган чагымы деп атады.

Владимир Рубан Донецк облусунда 8-марттын таңында кармалган. Анын жанында Калашников автоматтары, жардыруучу заттар табылган. Петро Порошенко бул ишти жеке көзөмөлгө алууну коопсуздук кызматынын башчысы Василий Грицакка тапшырды.

Украиндагы жаңжал башталганы Рубан өз демилгеси менен туткундарды бошотуу боюнча козголоңчулар менен Киев ортосунда сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келген.

XS
SM
MD
LG