Бүгүн саат 9:00дөн кечки саат 17:00гө чейин Ош шаарынын борбордук стадионунун аймагында, Масалиев проспектисинин (мурдагы Гренаждык заводдун тегереги), эски автобекеттин, борбордук базардын, Фрунзе, Араван жана Тейлөө үйү (Дом быта) кичи райондорунун аймактарында жарык өчөт. Шакиров көчөсүндө жана Ленинград көчөсүнөн “Нооруз” ресторанына чейинки аралыктарда да электр энергиясы жок болот.
Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, убактылуу өчүрүүлөр троллейбустардын линияларынын кубаттуулугун жогорулатуу максатында, 110/35/10–6 кВ “Борбор” көмөк чордонундагы трансформаторду алмаштырууга байланыштуу болот. Бул иш “Ош шаарындагы коомдук транспортту жакшыртуу” долбоорунун алкагында жүрүп жатат.
Буга байланыштуу калаа бийликтери шаардыктарды электр энергиясынын убактылуу жоктугуна түшүнүү менен кароого чакырат. (ErN)