Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:23

ТИМ: Түркияда өрттөн жабыркаган кыргызстандык кыздын абалы оор


Измирдеги өрттөнгөн мейманкана.
Измирдеги өрттөнгөн мейманкана.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Измир шаарындагы “Алижан” аттуу мейманканада жабыркаган кыргызстандык кыздын абалы оор экени аныкталганын билдирди.

Министрликтен кабарлашкандай, Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу өрт болгон жерде канча кыргыз жараны жабыркаганы тууралуу маалыматты жана өрттүн чыгуу себебин тактоо үчүн Измирдин жергиликтүү укук коргоо органдары менен байланышкан.

Азыркы учурда белгилүү болгондой, өрттөн төрт киши жабыркаган, алардын бири М.Ж. кызы Кыргызстандын жараны болгон. Измир шаардык ооруканасы анын абалы оор экенин Кыргызстандын Башкы консулдугуна кабарлаган.

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу бул маселени көзөмөлгө алганын жана кошумча маалымат берерин билдирди.

Маалым болгондой, 7-мартта Измир шаарындагы беш кабаттуу мейманканада өрт чыккан. Түркиянын маалымат каражаттары тилсиз жоодон төрт киши жараат алганын, анын бирөө кыргызстандык экенин кабарлашкан. Өрттүн келип чыгуу себептерин жергиликтүү органдар аныкташа элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG