Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Нарында имамдар он күндүк курста окушту


Кыргызстандагы имамдарды окутуу учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы имамдарды окутуу учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын шаарында облустагы имамдарын окутуу боюнча 10 күндүк курс аяктап, бүтүрүүчүлөргө сертификат берилди. Бул тууралуу Нарын облустук казыятынан билдиришти.

Бул жолу айылдык мечиттерден 20дан ашык молдо Куран жаттоо, хадис, тил маданияты, фикх, тажвид, хутба кылуунун жолдору, акыйда, диндер тарыхы сабактарын окушту. Алар спорттук иш-чараларга да катышып, тегерек столдо сүйлөөнү үйрөнүштү.

Буга чейин окутуунун биринчи айлампасы өтүп анда жалаң имам-хатибдер сабак алган. Экинчи айлампа катардагы имамдардын баары окутулуп бүткүчө улантылат.

Нарын облусунда каттоодон өткөн 52, ал эми каттоодон өтө элек 78 мечит бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG