Линктер

бейшемби, 24-май, 2018 Бишкек убактысы 04:44

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Багдад шаарында балдары менен камалып жатат делген үч кыргызстандык аял боюнча маалыматты тактап берүү өтүнүчү менен Ирак мамлекетине кайрылды.

ТИМден билдиришкендей, мындай өтүнүч жазылган нотаны Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги Ирактын Кувейттеги Консулдугуна тапшырган.

Кыргыз тарап жөнөткөн нотада аялдардын соттук процесси учурунда аларга адвокаттык кызматтарды көрсөтүү суранычы да келтирилген. Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги ушундай эле өтүнүч менен “Кызыл чырым” эл аралык уюмунун араб мамлекеттериндеги аймактык миссиясынын Эл-Кувейт шаарында жайгашкан штаб-квартирасына да кайрылуу нотасын жолдогон.

Тышкы иштер министрлиги Багдада кармалып жаткандарга байланыштуу Ирак республикасына мурда жөнөтүлгөн суроо-талаптын да жообун күтүп жатканын кабарлоодо.

Буга чейин "РИА Новости” маалымат агенттиги Иракта кыргызстандык үч аял террорчулукка шектүү катары камалып жатканын жазып чыккан. Басылмага менен маектешкен чечен президентинин Жакынкы Чыгыштагы өкүлү Зияд Сабсаби кыргызстандык Асел Асилжан кызы, Зухра Кадирова жана Фатима Маруфжанова аттуу жарандар балдары менен Багдаддагы түрмөдө жатканын билдирген. Сабсаби аялдар террорчулук жана Ирактын чек арасын мыйзамсыз бузуу боюнча айыпталып жатканын, алар өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экенин айткан.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул маалымат териштирилип жатканын билдирген.

8-мартта болсо Багддадагы түрмөдө камалып жатат делген үч Кыргызстандын боюнча "Кылым шамы" уюму эл аралык "Кызыл чырым" уюмунун Женевадагы кеңсесине кайрылган болчу. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG