Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:29

Ошто жаштар чыр-чатактарды бейтарап чагылдыруу жолдорун үйрөнүп жатышат


Тренинг учурунан

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынан тандалып алынган жаштардын тобу Ош шаарында сезимтал конфликттик жагдайларды медиа каражаттарында чагылдыруунун ыкмаларын өздөштүрүп жатат.

Бул тууралуу долбоорду аткарып жаткан "Saferworld" эл аралык уюмунун менеджери Канат Абдиев "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка ылайык «Толеранттуулук жана демократия элчилери» деп аталган долбоорунун алкагында үч облустан тандалып алынган 30дай кыз-жигитке медиа тренерлер чыр-чатак учурунда сезимталдуу болгон медиа материалдарды жаратууга үйрөтүп жатышат.

Катышуучулар төрт ай бою коопсуздук (этникалык, гендердик, диний толерантсыздык ж.б) боюнча ар кандай кичи долбоорлорду уюштуруп, буга чейин аткарышкан. Окутуудан кийин долбоордун катышуучулары эки ай ичинде актуалдуу көйгөйлөр боюнча медиа-материал чыгарышат.

«Толеранттуулук жана демократия элчилери» деп аталган үч жылдык долбоорду "Saferworld" уюму "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук фонду менен өнөктөштүктө Европа Биримдигинин каржылоосунда ишке ашырууда.

Долбоордун негизги максаты жаштар арасындагы өнөктөштүктү бекемдөө, жарандык активдүүлүктү жогорулатуу жана жаштардын көйгөйлөрүн коомчулукка алып чыгууда аларга колдоо көрсөтүү болуп саналат. (RsK)

XS
SM
MD
LG