Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:03

“Газпром Кыргызстан” Оштун көчөлөрүнө кайрадан асфальт төшөйт


Оштогу көчөлөрдүн бирин оңдоо учуру. Иллюстрация.
Оштогу көчөлөрдүн бирин оңдоо учуру. Иллюстрация.

“Газпром Кыргызстан” компаниясы Ош шаарынын көчөлөрүнө жаңы асфаль төшөй турган болду. Бул тууралуу Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов “Азаттыкка” билдирди.

Аталган ишкана газ куурларын өткөрүү үчүн былтыр Ош шаарынын бир нече көчөлөрүн казып, ал жерлерди кайра асфальттап оңдоп чыккан. Бирок ал жолдор бир жылда эле бузулган.

Натыйжада Ош шаардык жолдор башкармалыгы “Газпром Кыргызстан” компаниясын жолду кайра оңдоого милдеттендирди.

Кайрадан асфальттала турган жолдордун катарына Ош шаарынын Алиев, Айтиев, Монуев, Мамыров көчөлөрү кирет.

2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы Оруcиянын “Газпром” ишканасына сатылып, “Газпром-Кыргызстан” ишканасы түзүлгөн. Натыйжада "Ош Газ" ишканасы да "Газпромго өткөн. (YI\ErN)

XS
SM
MD
LG