Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Ноокатта бала бакчанын курулушу боюнча кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ноокат райондук прокуратурасы райондун Насирдин Исанов айыл өкмөтүндөгү бала бакчанын курулушуна байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Анда айтылгандай, социалдык объектилерди салууга кеткен каражаттарды текшерүү учурунда “Н.С.” жоопкерчилиги чектелген коому Байыш айылындагы бакчаны капиталдык курууда жасалма документтерди түзгөнү аныкталган. Алар тийиштүү кагаздарга аткарылбаган иштерди да бүтүргөнүн жазып коюшкан. Натыйжада айыл өкмөтү бакчанын имаратын 2 млн. 795 миң сомго курулду деп балансына өткөрүп алган. Мындай жол менен мамлекетке 779 миң сом зыян келтирилген.

Прокуратура Исанов айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине жана “Н.С.” фирмасынын жетекчилигине Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ээлик кылуу”), 221-беренесинин ("Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабышы"), 315-беренесинин ("Кызматтык жасалмалоо") беренелери боюнча айыпталууда. Тергөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG