Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Маск айдоочусуз электробустун концепциясын сунуштады


Илон Маск
Илон Маск

Илон Маск жер астындагы туннелдерде жүрө турган айдоочусуз жаңы электробустун концепциясын сунуштады. Tesla компаниясынын негиздөөчүсү видеопрезентациясынын үзүндүсүн Твиттердеги баракчасына жайгаштырды.

Электробусту Масктын дагы бир компаниясы “The Boring Company” жасап жатат. Масктын айтымында, жаңы транспорт жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер үчүн ыңгайлаштырылат. Ал тургай кайсы бир учурларда электробус автомобилдерди да ташый баштайт.

Жаңы транспорттук каражат саатына 240 км ылдамдыкка чейин жүрө алат деп белгиленип жатат. Маск билдиргендей, электробустар үчүн лифти бар миңдеген аянтчылар курулат. Аянтчанын көлөмү болжолдуу автоунаалар токтоочу жайлар менен тең болот.

Илон Маск 2016-жылы Лос-Анджелестин алдында туннелдер системасын куруу планы тууралуу жарыялаган. 2018-жылы болсо шаар бийлиги үч агымдык туннелди тест катары курууга уруксат беришкен.

"Tesla" компаниясы 9-мартта башкаруучусуз эки жүк ташуучу унаада товар жеткирди. Андан мурдараак электромобилдерди чыгара баштаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG